Кыргызстан –уулуу таштандылардын мекенине айланабы?

Автор -

Асылын башкалар кѳрүп…

Эске сала кетели. Дүйнѳнү дүңгүрѳткѳн СССРди оо дүйнѳгѳ узатканга даярдыктар кѳрүлүп, ошол учурда башкаларды эсепке албай, атом бомбасын ээлеп алган 4 республиканын гана дик-таторлору жана партиянын атын жамынган секретарлары айтылуу Беловожск токоюнда бардык кубаттуу аскердик согуштук опурталдуу атом бомбаларынын потенциалдарын ѳздѳрүнѳ менчиктеп алышкан эле. Бул аймактарда кубаттуу куралдын базасы жайгашканы талашсыз, бирок анын жаралышына керектүү сырьёлор иштетилген жана камсыз кылган ѳлкѳлѳр бул «энчиден» куру жалак калганын тайманбай айтсак болот. СССРдин атом бомбасын жасап чыгарууда уран кени негизги мааниге ээ болгон. Бул бомбаны даярдоого улуу физиктердин бири Курчатов негизги салымын кошсо, бомбага жан кошкон уран эң алгач Майлуу-Суу менен Миң-Куш аймагынан казып алынганын тарых тандырбайт эмеспи. Натыйжада, 1943-жылдардан союз ыдыраганга чейин уран кени казылып алынган жердин негизги очогу болгон Кыргызстанга тийген үлүшү зыяндуу калдыктар сакталган «кѳрүстѳн» гана мураска берилгенин каңырыкты түтѳтүп айтуудан башка арга калган жок. Асылын башкалар кѳрүп, азабын тарткан биз болдук. Кени алынган жерлердеги «кѳрүстѳндү» зыянсыздарып турууга эч кими каражат бѳлүштүргѳн жок. Натыйжада, ѳлкѳбүздүн эсебинен ири суммадагы каражаттарды ошол таштандылардан чыккан зыяндуу нурлардын коопсуздугунан сактоо түйшүгүн ѲКМ тартып калды. Эгерде ошол каражаттар мамлекетибиздин башка тармактарды ѳнүктүрүүгѳ сарпталса,аз да болсо мамлекетибиздин бирди-жарым тешиктерин бүтѳѳгѳ жумшалбайт беле!?

Эл пикири менен эсептешпей

Кайдыгерликпи, же камырабастыкпы, болбосо ушундан ири суммадагы акча каражаттардан ѳѳнѳп-бутап алууга камылгабы, айтор, биз ишенген лизенция берүүчү тармактар кѳл аймагындагы Кѳк-Мойноктогу Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгѳ «добро» бериши кимдир-бирѳѳлѳрдүн кызыкчылыгына байланышкан сыяктанат. Зыяндуу кенге уруксат берүүдѳн мурда бийлик мунарасы жергиликтүү калк менен жолугушуп, алардын пикирлери менен эсептештиби? Эл аралык мыйзамдарда мындай опурталдуу кенди иштетүүгѳ элдин макулдугусуз ишке киргизүүгѳ тыюу салынганан билбейби? Эл аралык жана мамлекеттик мыйзамдарды билбеген чиновниктер мамлекеттин кызыкчылыгын кантип коргойт?» Кептин баары карапайым калк нааразылык акциясын баштаганга чейин эле «ЮрАзия в Кыргызстане» жоопкерчилиги чектелген компаниясына лизенция 2011-жылы берилип, чалгындоо иштери кѳп аянттта бүткѳрүлүп Таш-Булак кен аянтчасы мамлекеттик баланска коюуга жетишкендиктери боюнча компаниянын жетекчиси Светлана Менг маалымат берет. Анын айтымында инвестиция Орусиядан келип, уран кени Кара-Балтадагы комбинатта иштетүү пландаштырылганын ачыкка чыгарат. Бул «Таш-Булак» тоо-кен участкасы 2015-жылы мамлекеттик баланска коюлган экен. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33 800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар деп эсептелинген.

«Тѳѳ ашуудан ѳткѳн соң…,,

 Иликтѳѳ иштерине уруксат берүүдѳн мурда эмне себептен КРнын Ѳнѳр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети буга чейин жергиликтүү калк менен жолугушуу ѳткѳрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкѳн эмес. Айрыкча уран кени чыккан жерлерге лицензия берүүдѳн мурда ага элдин кѳз караштары, кенден түшүүчү пайдасы жана зыяны, мамлекетке түшүүчү пайда, таштандыларды зыянсыздандырып туруу мѳѳнѳтү иштетүүгѳ чейин аныкталышы керек экендиги эч жерде белгиленбегендиги ачык кѳрүнѳт. Дагы бир нюанс, жергиликтүү калк нааразылык акциясын баштагандан кийин 20га жакын мүчѳдѳн турган комиссиянын түзүлүшү биздин бийлик башындагылардын ѳз милдеттерин билбестигин жана кызматына кош кѳңүл мамиле жасаганы адатка айланганын далилдеп жатпасын? Ансыз да толгон «кен кѳрүстѳнүнѳ» каражат таңкыс болуп жаткан ушул шартта элден мурда коркунуч коңгуроосун, Ѳзгѳчѳ кырдаал министрлиги неге кѳтѳрүп чыккан жок? Мамэкотехинспекциясы, Айлана-чѳйрѳнү коргоо агенттиги буга эмне үчүн кайдыгер мамиле жасап келишти? Элибиз мындай «оперативдүү» аракетти «тѳѳ ашуудан ѳткѳн соң, кепшегениң курусун», — деп кээрлѳѳчү эле. Биздин аттуу-баштуу кызматчыларыбыздын дңгээли ушул болсо, калганы жѳнүндѳ эмнени айта алабыз?

Көрпендечиликтин тузагында

 Атайын даярдалган дүжүрлѳрдѳнбү, жергиликтүү калктын ичинен Н. Садыгалиевдин: «Алма-ѳрүккѳ кандай кандай зыяны бар»- деп сурасак, алар : «Уран деген оор металл, учпайт» — дешти. Мына, карап кѳргүлѳ, кѳл боюнча Кажы-Сайда алма-ѳрүк жакшы чыгат» — деп үгүт жүргүзѳт. Уран металл болгону менен анын кыйратуучу касиетинен тышкары онкологиялык оорулардын башаты болорун ачык айтсак болот. Мунун ионунда альфа — оң, вета -терс заряддардан, ал эми гамма — тоскоолдуксуз тароо мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болорун жана бул нурлар металлды иштетсең да, иштетпесең да айлана-чѳйрѳгѳ терс таасирин тийгизерин геофизиктер, ядролук физиктер жакшы билет. Эң опурталдуусу урандан бѳлүнүп чыккан бул нурлар онкологиялык илдеттердин башкы булагы болгондугунда. Азыркы учурда кыргыз жергесинде онкологиялык оорулар кѳбѳйүп, жыл ѳткѳн сайын жашарып бара жатканы жашыруун болбой калды. Бул илдетке чалдыккандар башка оорулардай жаңы башталганда билинбейт, качан жеттиккенде гана бир билесиң. Же болбосо атайын текшерүүлѳрдѳн ѳткѳндѳ гана бул илдетке чалынганың дайын болот. Элибиздин энѳѳлүгү, учурунда кѳрѳбүз деген кайдыгерлигинин кесепети тиер мезгил алдыда. Кажы-Сайдын алмалары эл аралык рынокко чыгарылса сатып алуучулар аны алар бекен? Башканы кой, уран кени иштетилген бул жердин алмасы экенин билген айрым кыргыздар азыр деле кол шилтеп басып кетерин билем. Учурда урандын калдыктарын жана таштандыларын зыянсыздандырып турууга мамлекет тарабынан жумшалган каражаттар ѳлчѳмсүз экендигинде. Бул адам «ѳзүм жашасам болду, мен ѳлгѳндѳн кийин бүт дүйнѳнү сел алсын» — деген кѳрпендечилиги гана зээн кейитет.

Кенди иштетүү токтотулду, бирок…

«Экологиялык зыяндын орду толгус, радиациянын нормасы жогоруласа саякатчылардын жана курортко келүүчүлѳрдүн саны кыскарат, жергебизге дагы бир зыяндуу заттардын жаңы «кѳрүстѳнү» пайда болот», — деген карапайым калктын нааразылык акциясынын натыйжасында бийлик кенди иштетүүнү токтотууга чечим кабыл алды. Ошондой болсо да кенди иштетүүгѳ мораторий канча мезгилге чейин күчүндѳ калары ачыкталган жок. Эл жеңди, бирок жеңишке жеткен менен калкыбыздын ал утушун колунан чыгарбай сактап кала алабы? Эгемендүүлүккѳ ээ болгон ушул чейрек кылымдын аралыгында канча кен байлыктарыбызды казууга тыюу салган токтомдор токулуп, бир аз убакыт ѳткѳн соң кайрадан каражаттын «муктаждыгын» шылтоо кылып, кайрадан ызы-чуулар башталчу эле. Эң опурталдуусу, нааразылык акцияларда активдүүлѳрдү эсепке алып, жок жерден аларга айып тагуу адатыбыз эми кайталанбас бекен?

Булак: «13-квартал» №09 (09) 29-апрель. 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү