Президент Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Автор -

Кечээ, 29-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтык маселелерин талкуулашты, буга чейин жетишилген макулдашуулар боюнча позицияларын такташты жана ошондой эле алдыда боло турчу эл аралык көп тараптуу иш-чараларга катышуу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү