Кыргыз паспортун Эл аралык «шылуун» компания даярдаганбы?

Автор -
Сүрөт: azattyk.org

Эл аралык маалымат каражаттарынын жазганына баам салсак, Литвалык “Тарсу Пасаулис” компаниясы Африка ѳлкѳлѳрүндѳгү коррупциялык чууга катыштыгы бар экен. Алардын айтканына таянсак, Конго Демократиялык Республикасындагы биометрикалык паспортко байланыштуу чуунун изи Президент Кабиланын кланына алып келди.

Дүйнѳдѳгү эң кымбат паспорт — Конго паспорту. Кирешенин бѳлүгү президенттин жакын адамына таандык болгон оффшордук компанияга кетет. Алсак, ар бир Конго жараны үчүн бир паспорттун баасы 185 долларын түзѳт. Салыштыруу үчүн, француз паспорту 86 евро турат. Бирок, Reuters карап чыккан документтерге ылайык, КДР ѳкмѳтүнѳ 185 долларынын 65 доллары гана түшѳт, т.а. толук баанын 35%. Президент Кабила жана анын кеңешчилери бул паспорттордун артыкчылыктарын коопсуздугуна тынчсызданган Конго жарандары дүйнѳдѳ эркин саякатташына шарт түзѳѳрүн айтып кубанган жайы бар. Конго жараны тѳлѳгѳн толук сумманын негизги бѳлүгү Samlex бельгиялык компаниясына жана Бириккен Араб Эмиратында турган кичинекей компанияга түшѳт. Бул компания Персия булуңунан чыгып, LRPS деп аталат жана Конго ѳкмѳтү жана Semlex компаниясынын ортосунда түзүлгѳн келишимге ылайык ар бир берилген паспорт үчүн 60 долларын алат. LRPS Бириккен Араб Эмиратындагы Рас-эль-Хейма шаарында катталган, бирок анын ээси тууралуу так маалыматтар жеткиликтүү эмес.

Жүздөгөн миллион долларлар

Конго паспортунун таңкалаарлык кымбаттыгынын далили, Semlexke тиешеси жок Zetes бельгиялык компаниясынын берген сунушу болот. Reuters таанышкан документке ылайык, Zetes 2014-жылдагы биометриялык паспортту ишке ашыруу боюнча ѳкмѳттүк планда, бир паспорт 28,50 АКШ доллары туруш керек эле. Zetes ѳзүнүн сунушун ушул баанын негизинде бергенин тастыктаган. Акырында, 185 АКШ долларлык паспорттор LRPS жана Samplex компанияларынын капчыгына туруксуз, кедей мамлекеттин эсебинен жүз миллиоңдогон долларларды алып келмек. БУУнун малыматы боюнча,КДР киши башына түшкѳн жылдык орточо кирешеси болгону 680 долларды түзѳт.

“Келишим ачык болуш керек эле”

2014-жьлдын ноябрь айынын башында Semlex бир паспортту 50 долларга даярдамак. Кабилага 13-ноябрда жиберилген катта баасы 120 долларга кѳтѳрүлгѳн. 2015-ж. март айында келишимди даярдоону аяктоо үчүн Каразиван Тышкы иштер министри тарабынан Киншасу шаарына чакырылган. Май айынын аягында Бюджет министрлиги Semlex компаниясына беш жылга келишим түзүүнү сунуштаган. 2015-ж июнь айында Каразиван, КДР Тышкы иштер министри Рэймон Чибанда жана Каржы министри Йав Муланг тарабынан келишим түзүү аяктаган. Semlex долбоорго 222 млн.доллар инвестициялоого макул болгон. КДР ѳкмѳтү ѳзүнүн жарандарына паспортту 185 долларга сатууну кѳздѳгѳн, бул 100 доллар турган мурунку паспорттун баасынан бир кыйла кымбат.

Ар бирине ѳз үлүшү

2015-ж. 11-июнунда кол коюлган келишимде 185 доллардын 65 доллары Конго мамлекетине түшѳт. Калган 120 доллары Брюсселдеги Semlex Еuгоре, Литвадагы Semlex типографиясы жана Бириккен Араб Эмиратында катталган LRPS фирмасы кирген консоциумга которулат. Ал эми, бул 120 доллары 1 1-июнда ка6ыл алынган эки келишимдин негизинде бѳлүнѳт. Бул келишимдердин бирине ылайык, Киншаса шаарындагы ишкана ѳзүнүн кызматкерлерин долбоорго катышкандыгы үчүн ар бир берилген паспорттон 12 доллар алат. Бул ишкана Reuters жүргүзүп жаткан изилдѳѳ тууралуу түшүндүрмѳ берүүдѳн баш тарткан. Бул келишимге кол койгон Semlex үч ишканасы ар бир берилген паспорт үчүн 48 доллар алат. Калган 60 доллар консорциумдун кассасына түшѳт. Reuters таанышкан бир документке ылайык бул акчаны LRPS колдонот. Ал үчүн аталган фирма административдик, логистика жана Конго ѳкмѳтү менен Болгон маселерди чечүүгѳ милдеттүү. Sеmlех жана Конго ѳкмѳтүнүн ортосунда түзүлгѳн келишим боюнча сүйлѳшүүлѳрдѳ  Каразиван  Semlexтин ээси LRPS фирмасын кѳрсѳтѳт.

Бул макала менен айталы дегенибиз, Каразиван ээлик кылган Semlex компаниясы Кыргызстанда паспорт даярдоо боюнча МКК ѳткѳргѳн тендердин жеңүүчүсү болгон “Гарсу Пасаилиус”компаниясынын ээси болуп эсептелет. Демек, Африка ѳлкѳлѳрүндѳ ушундай коррупциялык иштерге баш-оту менен киришип, акыры айыбы ачылган соң, атын ѳзгѳртүү менен келип, Кыргызстанда дагы чоң афера кылгысы келген. Ага биздин МКК жетекчилик кызматтагы адамдар же билбестигинен, же атайын эле акча жасоо боюнча арам ойу менен жардам кылып, тендерди мыйзам бузуулар менен ѳткѳрүп, учурда камалып отурат. Эгерде укук коргоо органдары ѳз убагында мындай кадамдарга барбаса, бизде да паспорт алуу кимдир бирѳѳлѳрдүн бизнесине айланып калмак окшойт. Анан аягында осурган кыз, осурбаган кыздын бетин тырмайт болуп, актыгын айтып ѳлгѳнчѳ карганып отурушат. Булардын артында бейѳкмѳт уюмдардын да чырылдап турушу да күмѳндүү ойлорду жаратпай койбойт. Чындыгында биз качан жеп-ичкичтер менен тойбос ажыдаарларды айырмалап, чын-тѳгүнүн ажыратканды үйрѳнѳбүз, же ууру куч болсо, ээси доого жыгылат болуп жүрѳ беребизби?

Булак: «Факты.kg» гезити. №17 (17). 30-апрель, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү