3-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

3-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы,Чүй, Талас, Ош облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метргежетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17,

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19,

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 13…15° болот.