Чыныгы баатыр! 8 жаштагы бала эжесин кылмышкердин колунан куткарып калды (Видео)

Автор -
384

Америкада Нита аттуу аял кызы жана эки небереси менен ооруканага барат. Аял кызы ооруп жатканына байланыштуу унаанын эшигин ачып коюп, дарыгерлерге көргөзгөнү кетет. Ал кызын дарыгерлердин колуна бергенден кийин унаасы жүрүп баратканын байкап калат.

Эшиги ачык калган унааны урдап качкысы келген ууру унааны от алдырып айдап жөнөйт. Унаанын ичинде Нитанын 8 жана 10 жаштагы неберелери болгон.

Муну байкаган Нита ууруну токтонунун аракетин көрүп жатканда 8 жаштагы Чанс өзүнүн 10 жаштагы эжесин унаанын арткы эшигинен түртүп түшүрүп, өзү да секирип түшүп кетет.

Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес, ал эми кылмышка шектүү кармалган.

Бөлүшүү