Махабат Мавлянова: Балдар үйлөрүндө тарбыяланып чыккан балдар үчүн социалдык жатакана куруш керек

Автор -

Азыркы учурда жетим жана кароосуз калган балдарга мамлекет тарабынан анчалык көӊүл бурулбай калды. Балдар үйлөрүндө 12 миӊ бала бар, алардын 10 пайызы – тоголок жетимдер. Бизди алардын балдар үйүнөн чыккандан кийинки тагдыры өтө тынсыздандырат, анткени буга негиз бар. Алар колунда бир тыйыны жок көчөдө калгандыктан, кылмышка аралашып кеткен учурлар арбын. Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Биринчиден, балдар үйлөрүндө тарбыяланып чыккан балдар үчүн социалдык жатакана курушу керек. Ошондо алардын башкалка жайы болот. Экинчиден, балдар үйлөрүндө тарбыяланып жаткан балдар үчүн банктарда депозиттик эсеп ачылышы керек. Алар балдар үйүнөн чыкканда, анда топтолгон каражат алардын колуна берилет. Балдар жумушка орношконго чейин жашаганга болот. Ошондо балдар кылмышка аралашпай, жаман жосундардан алыс болушат. Мамлекет жетим балдардын келечек тагдырын көӊүл сыртында калтырбоого тийиш»
деди депутат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү