Куткаруучулар кыздын өмүрүн сактап калышты

Автор -

Бүгүн Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан кыз секирүүгө аракет жасап жатат деген маалымат «112» кызматына келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Куткаруучулар үйдүн 5-кабатынан түшүп, кыздын өмүрүн сактап калышкан, андан соң биринчи кабатка чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Куткаруу иштерине Бишкек шаардык 5 куткаруучу тартылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү