УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов бошотулду

Автор -

Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Мурат Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келатат. Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан чечим чыгарган.

Мурат Суталинов сот залынан бошотулгандан кийин «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, дарыланууну Кыргызстанда улантарын билдирди.

— Бул жактын онкология ооруканасында жакшы дарылап жатышат. Чет жакка кетпейм. Бул жерде эле болом. Бошогондон кийин башка жакка кетип калат деп ойлошот окшойт. Эч жакка барбайм, — деди Суталинов.

Ал ошондой эле Апрель окуясы үчүн моралдык жоопкерчиликти сезерин, бул үчүн жабыркаган тараптан кечирим сурап келатканын жана бүгүн бошорун күтпөгөнүн айтты.

Дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканын жана дарты өтүшүп кеткенин белгилеп жатышат. Ал 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү