«Евровидение-2019» сынагында нидерланд ырчысы Дункан Лоуренс жеңди

Автор -

Тель-Авивде өткөн «Евровидение-2019» сынагында нидерланд ырчысы Дункан Лоуренс жеңишке жетти. Ал сүйүү жана жоготуу жөнүндөгү Аrcade («Аркада») деген ырын аткарып, жалпысынан 492 упайга ээ болду.

Экинчи орун алган италиялык ырчы Алессандро Махмуд 465 упайга, үчүнчү орун алган орусиялык ырчы Сергей Лазарев 369 упайга ээ болушту. Лазарев бул сынакка 2016-жылы дагы катышып, ураиналык Жамала менен австралиялык Дэми Имден кийинки үчүнчү орунду алган.

«Евровидение-2019» сынагынын финалына жылдыз ырчы катары чакырылган Мадонна рэпер Quavo менен биргеликте Future деген жаңы чыгармасын аткарды. Мындан тышкары ал 1989-жылы жазылган Like A Prayer аттуу хитке айланган ырын ырдап берди.

«Евровидение-2019» сынактын 64 жылдык тарыхындагы эң карама-каршылыктуусу болгону айтылууда. Би-Би-Синин маалыматына караганда, талаш-татыш былтыр Лиссабондо эле башталган. Анда жеңишке жеткен израиль ырчысы Нета Барзилай «Евровидение-2019» Израилде гана эмес, Иерусалимде өтө турганын билдирген. Дал ошол күнү АКШ Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге көчүргөн эле.

Анда Газа секторунун чек арасындагы израиль армиясы менен болгон кагылышууда 60тан ашык палестиналык каза болгон. Израиль нааразылык акциясына чыккан палестиналыктардын көбү ХАМАС кыймылынын мүчөлөрү болгонун жана израиль армиясы өз чек арасын коргогонун билдирген.

Бөлүшүү