УКМК кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Автор -

17-майда УКМК Өздүк коопсуздук кызматы КР Аскер прокуратурасы менен биргеликте УКМК ККК материалдары боюнча 50 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМК кызматкери Н.А. кармалды.

Ал текшерүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом пара талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктун боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган кызматкер Бишкек комендатурасынын гарнизинондук гауптвахтасына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Бөлүшүү