Ысык-Ата районундагы каналга төрт жашар бала чөгүп кетти

Автор -

20-май күнү Кеңеш айылынын Осмон-Темир көчөсүндө жайгашкан каналга 2015-жылы туулган Ө.Н. аттуу жаш бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу, ИИМ кызматынан 10 адам жана жергиликтүү тургундурдан 10 адам тартылып, саат 10:33тө куткаруучулар тарабынан маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү