Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Арзан турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруунун алкагында берилген ипотекалык насыялардын пайыздык үстөгүн жылдык 6% чейин кыскартуу маселесин бир айлык мөөнөттө иштеп чыгууну тапшырды.
Өкмөт жыйынында программанын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын төрагасы Бактыбек Шамкеев баяндама жасады.
«Бүгүнкү күнү 13 өнөктөш банк аркылуу 4,6 млрд сомдон ашуун суммага 4 миңден ашык ипотекалык насыя берилген, ал эми насыялар боюнча пайыздык үстөктөр жылдык 7-9% чейин кыскарган», – деп билдирди ал.
Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Экономика министрлигине бул жааттагы бир катар укуктук ченемдик актыларды Жогорку Кеңешке киргизүүнү тездетүүнү тапшырды.
«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга Германия менен 2017-2018-жылдарга карата «Экономиканы туруктуу өнүктүрүү» багытынын «Турак жай курулушун каржылоо» компоненти боюнча техникалык жана финансылык кызматташуу жөнүндө келишимдин алкагында 11 млн евро инвестициялык каражаттарын өздөштүрүүнү тездетүүнү тапшырды.