Тамчы – Ташкент аба каттамы жанданат

Автор -

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, Өзбекстандын «Узбекистон хаво йуллари» ишканасы менен бирге каттамды жайкы мезгилде жандантуу пландалууда.

Ага ылайык, Ташкент – Тамчы – Ташкент каттамындагы учак быйылкы жылдын 27-июнунан 6-сентябрына чейин апта сайын бейшемби күндөрү каттайт.

Ташкент – Тамчы аба каттамы былтыр да иштеп, бирок жүргүнчү аз болуп, каттам өзүн актабагандыктан июль айынын ортосунда токтотулган.

Ташкент – Тамчы аба каттамы Ысык-Көлдө эс алган өзбекстандык туристтердин көбөйүшүн шарттай тургандыгы айтылып келет.

Бөлүшүү