Текебаевдин иши боюнча Жогорку Сотко арыз берилди

Автор -

«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары саясатчынын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин саясатчынын адвокаттары жаңы ачылган жагдайлар боючна кароону өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. Бирок, Башкы көзөмөл органы бул боюнча Жогорку Сотко кайрылууну сунуштап, кароодон баш тарткан.

Ал эми 23-майда Жогорку сот Текебаевдин жана Чотоновдун ишин карап, мүлктөрүн конфискациялоо боюнча жаза бөлүгун алып салып, бирок, өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү