27-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

27-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28,

Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 13…18,

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 13…18 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 26…28° болот.