УКМК: Тыюу салынган атайын техникалык каражаттар табылды

Автор -

УКМКнын маалымат кызматы тыюу салынган атайын техникалык каражаттар табылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 25-майында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 2-бөлүмү (атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча К.Д. жашаган жерин тинтүү жүргүзүлгөн.

Титүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган (маалыматтарды жашыруун алуу үчүн) атайын техникалык жабдуулар табылган.

Азыркы убакта кылмыш иштин негизинде тиешелүү экспертиза дайындалды.

Тергөө жүрүп жатат.

Бөлүшүү