Улан Саляновдун өлүмү боюнча экинчи шектүү Бишкекке алынып келинди

Автор -

Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча дагы бир шектүү киши Москва шаарынан Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирүү таратты.

Жакында Кыргыз Республикасынын ИИМдин буюрмасы менен Россия Федерациясынын Москва шаарына ИИМдин Криминалдык милиция кызматкерлери иш сапарга жөнөп кетишкен.

Ушул жылдын 22-май күнү Россиянын Жазаларды аткаруу Федералдык кызматынын Москва шаары боюнча башкармалыгынын №4 тергөө изоляторунун федералдык кармоо мекемесинен атайын кайтаруу менен мурда оор кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну 1983-жылы туулган Абыкулов Асанэмир аттуу жаран алынып келинип, Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына жеткирилди.

Жогоруда көрсөтүлгөн жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүндө (Адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн оор кылмыш жасагандыгы жана алдамчылык иш-аракеттери үчүн издөөдө жүргөн.

2018-жылдын январь айында РФтин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралары учурунда Москва шаарында кармалган.

2017-жылдын ноябрында түн ичинде азиат түспөлүндөгү 3 белгисиз адам Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы коңушунда жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кол салгандар ок атуучу куралды колдонушуп, үйдүн ээси Улан Саляновго карата ок чыгарышып, андан соң изин жашырышып качып кетишкен. Алган жаракатынан улам 1975-жылы туулган У. Салянов каза болгон.
Аталган кылмыш ишин ачуу максатында ИИМдин ыкчам кызматтарынын кызматкерлери тарабынан комплекстүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

2018-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын, Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар 1983 -жылы туулган Абыкулов Асанэмирдин кайда жүргөндүгүн аныкташкан.

Аны өз өлкөсүнө кайтаруу маселеси Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Башкы Прокуратуралары тарабынан чечилген.

Мурда бул фактыга шектелип, Осмонкулов Эрмек кармалган.
Азыркы учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Улан Саляновду өлтүрүү боюнча кылмыш ишин кароону улантып жатат.
Ал эми үчүнчү шектүү 1988-жылы туулган Заур Насруллаев Россиянын жараны болот жана өткөн жылы РФдин шаарларынын биринде кармалган.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам- тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү