Жогорку Кеӊештин депутаты, укук тармагын тескеген комитеттин төрагасы Канат Керезбеков тууралуу узун сабак кептердин аягы тыйылбай келет. Баарын жазып олтурсак сөз көп болуп кетчүдөй, негиздүү бир критерийине токтололу.
Биринчиси, Канат Керезбекович учурда ЖК депутаты болуп олтурганы менен бир учурда өзү жетектеп кеткен Юракадемиянын (КМЮАнын) «көмүскө» кожоюну экени белгилүү эле. Азыр да ал жерди өзү башкарып олтурганы жашыруун эмес. КМЮАда азыр дээрлик 95% пайыз кадрлар Керезбековдуку. Бирөө да кыӊ дей албайт. Деп көрсүнчү?
Канат мырза ректор болуп олтурганда, орноткон академия дагы «диктатурасы» азыр да «ийгиликтүү» иштеп жатат. Буга мисал катары бир сүртүмдү айта кетели, Канат Керезбеков өзү мандат алып кеткен соц, Юракадемияга Арстан Мамбеткулов деген жаш жигити түздөн-түз макулдук берип ректор кылган эле. Анан Арстан мырза ректор катары Керезбековдун макулдугусуз 1-2 чечим чыгарган экен, жарым жылга жеткирбей аны «жыга чаап» башка ректорду шайлады. Мындай эмес десе Керезбеков келсин, далилдешели!
«Менин Юракадемияга таптакыр тиешем жок, ректорлуктан кеткенден бери басып да бара элекмин» десе айтсын, ага да орун берели!
Булак: «Факты.kg». №21 (121), 28-май, 2019-жыл.