Казакстан Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы храмынын курулушуна миллион рубль (15 625 доллар) бөлүп берген. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди.
Мекеменин билдирүүсүндө бул каражат өлкө бюджетинен эмес, демөөрчүлөрдүн акчасынан берилгени белгиленген.
14-майда Орусиянын ТАСС агенттиги Казакстандын коргоо министринин орун басары Муслим Алтынбаевге шилтеме кылып, казак тарап Орусиядагы храмдын курулушуна каржылык колдоо көрсөткөндүгүн жазган. Анда министрдин орун басары курулуш үчүн канча каражат бөлүнгөнүн айткан эмес, бирок аталган храмда Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан казакстандыктардын аты-жөнү түбөлүккө жазылып каларын белгилеген.
Буга чейин казак бийлиги 2018-2020-жылдардагы өлкө бюджетинин киреше бөлүгү кыскарганына карабастан, коргонуу чыгымдарын дээрлик 25% көбөйткөн.
Казакстандын коргоо министрлигинен билдиришкендей, мекеме Орусияга Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан казакстандыктар тууралуу маалыматтарды жөнөткөн.
Орус армиясынын башкы храмы Орусиядагы эң ири диний жайлардын бири болот деп күтүлүүдө. Аны Москва облусундагы Кубинка шаарына Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата 2020-жылы куруп бүткөрүү пландалууда.