Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери пара алып жаткан учурунда кармалды

Автор -
391

Ушул жылдын 24-майында КР УКМК ыкчам-издөө  иш чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында пара алып жаткан учурунда Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук башкармалыгынын кызматкери О.М. кармалды.

Такталгандай, кармалган адам ыктыярдуу патентти кайра каттоо маселесин чечип берүү үчүн пара талап кылгандыгы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-п.боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМК тергөө кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы убакты тергөө иштери жүрүп жатат.