Президент жакынкы күндөрү Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат

Автор -

Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү иш сапары менен Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында, Мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракесине катышат.

Жыйындын жүрүшүндө эл аралык ишмердүүлүккө, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.

Визиттин жүрүшүндө Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жана эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулоо пландаштырылууда.

30-майда, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен Президент Сооронбай Жээнбеков Индияга иш сапары менен барат. Анын жүрүшүндө индиялык лидердин инаугурация аземине катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан тышкары, 31-майда, Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Мамлекет башчысы Сауд Арабияга учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат.

Ислам кызматташтык Саммитинин кезектеги сессиясы Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өтөт.

Бөлүшүү