Жапонияда белгисиз киши 19 кишиге бычак менен кол салды

Автор -

Токиого жакын Кавасаки шаарында белгисиз адам автобус аялдамасында турган 19 кишиге бычак менен кол салды, анын ичинен 13ү бала. Окуя 28-май күнү эртең менен болгон.

Полиция шектүүнү кармаган маалда, ал мойнуна бычак сайып жиберген. 40-50 жаштагы киши ооруканада жан берди.

Жапон басылмалары кол салуунун кесепетинен бир бала жана бир киши өлгөнүн билдирүүдө. Жергиликтүү өрт башкармалыгы бир гана адамдын мерт болгонун тастыктады.

Шектүү кармалган жерде эки бычак табылган. Ал эмне себептен бул кадамга барганы аныктала элек.

2016-жылы психикалык оорулуу адамдар борборунда иштеп кеткен кызматкер 19 кишини бычак менен өлтүргөн. Маалыматтарга караганда, ал мүмкүнчүлүгү чектелген кишилердин жок болушун каалаган.

Бөлүшүү