Президент Нур-Султан шаарына учуп кетти

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Нур-Султан шаарына учуп кетти.

Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысынын Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулоосу пландаштырылууда.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны чакан жана кеңири курамда өтөт, жыйындын жүрүшүндө эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.

Эске салсак, 5 жыл мурда, 2014-жылдын 24-майында Беларусь, Казакстан жана Россиянын ортосунда Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндөгү Макулдашууга кол коюлган, 2015-жылдын 2-январында Армения ЕАЭБдин мүчөсү болду. 2015-жылдын 12-августунда Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекет болгон.

Кыргыз Республикасы бажылык, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу, рынокту ЕАЭБдин 180 миллиондук калкына чейин кеңейтүү сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү берген ЕАЭБ менен кызматташууда.

Бөлүшүү