Эс тутумду жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек?- пайдалуу кеӊеш

Автор -

Адам баласы 20 мүнѳт ичинде эстеген маалыматтардын 30 пайызын, ал эми жарым саатта 50 пайызын унутуп калат экен. Андай болсо эс тутумду кантип жакшырта алабыз?

Кѳнүгүү

Табышмактар, логикалык суроолорду чечүү, ырларды жаттоо, чет тилдерин үйрѳнүү-мээнин жумуш иштѳѳсүнѳ арналган эң жакшы ыкмалардын бири. Булар пайдалуу жана жеңил ыкмалар.

Жүзүм ширеси

Күндѳлүк тамактануу рационубузга жүзүм ширесин кошсок, эске сактоо мүмкүнчүлүгүбүз 20 пайызга жакшырат. Жүзүм кочкул кызыл (фиолетовый) болушу керек. Анын курамында мээнин иштѳѳсүн жакшыртуучу антиоксиданттар кѳп.

Физикалык активдүүлүк

Жѳѳ жүрүү, жүгүрүү менен бийлѳѳ  денени машыктыруу, эсте сактоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуучу ыкмалардын бири. Мындай активдүүлүк эске сактоодо жардам берчү клеткалардын пайда болушуна ѳбѳлгѳ түзѳт.

Сүйлѳѳ

Эгер биз телефон номерин, үй дарегин же болбосо бирѳѳнүн аты-жѳнүн сүйлѳп, үн чыгарып айтсан мээбиз ошону жаттап калат. Бул жазып алуу ыкмасына караганда тез жүзѳгѳ ашуучу кубулуштардын бири.

Уйку

   Жакшы уйку — ден соолуктун кепилдиги. Уйкусун кандырган адамдардын ѳмүрү узун болот. Уктап    жаткан кезде организм бошоңдоп, эс алат. Жашартуучу гормондордун кызматы тездеништелип чыгат. Уйкусу канган организм маалыматты 2 эсе жакшы эсте сактайт.    

Релаксация

Медитация, йога жана укалоо ойду бир жерге жыйнактоого, эске сактоодо жакшы таасир берет.

Кѳзгѳ арналган кѳнүгүү

Эгер күндѳ эртең менен 30 секунд бою кѳзүңүзгѳ кѳнүгүү жасап турсаңыз, эс тутум  10 пайызга жакшырат. Бул окумуштуулар тарабынан далилденген.

Байланыш

Эске сактоо ыкмаларынын бири чындыкты бири-бири менен байланыштыруу (ассоциация).

Туура тамактануу

 Туура тамактануу эске сактоого бирден-бир таасир берет. Эң алгач антиоксиданттарды кабылдоо керек. Кара ѳрук, жаңгак, кызылча, цитрус ѳсүмдүктѳрү, кара бүлдүркѳн менен мейизди кѳбүрѳѳк жеп туруу кажет.

Витаминдер

Пайдалуу витаминдер — В тобундагы витаминдер болуп саналат. В12 витамини (балык, эт, жумуртка, тоок эти) жетишпесе эске сактоо мүмкүнчүлүгү жабыркайт. Бул витамин жумуш иштѳѳдѳ жардамчы болуп саналат. Ошондой эле С, Е витаминдерин да кабылдап турууну унутпашыбыз керек.

Булак: «Факты.kg» гезити. №21 (21), 28-май, 2019-жыл. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү