Боронов: Учурда 53 мамлекеттик орган «Түндүк» тутумуна кошулган

Автор -

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин жана «Санариптик Кыргызстан» санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруу боюнча кеңешме өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери өткөн кеңешменин жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмаларды аткаруунун жүрүш тууралуу отчет беришти.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева белгилегендей, учурда 53 мамлекеттик орган «Түндүк» тутумуна кошулган.

«Бир гана мамлекеттик органды кошуу калды. Аны жакынкы күндөрү ишке ашырууга ниеттенип жатабыз»
деп белгиледи ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын жана «Санариптик Кыргызстан» санариптик трансформациялоо Концепциясынын алкагында коюлган максаттар өз убагында жана толук көлөмдө ишке ашырылууга тийиш.

«Муну эске алуу менен мамлекеттик органдын ар бир жетекчиси өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында берилип жаткан тапшырмалардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти алышат. Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин жана «Санариптик Кыргызстан» санариптик трансформациялоо Концепциясын аткаруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишинде оң динамика байкалууда. Ошону менен бирге кемчилдиктер бар, аларга жол берилбөөгө тийиш болчу. Муну эске алуу менен мен бир катар кызмат адамдарына сөгүш жарыялоо сунушун киргизем»
деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, кийинки жыйында Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан сунушталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, аларды кыскартуу мүмкүндүгү жана электрондук форматка толук которуу деталдуу каралат.

Бөлүшүү