Миграция күч алып, кароосуз балдар кѳбѳйүүдѳ

Автор -

Ооба, миллионго жакын ишке жарамдуу жарандарыбыз алыскы-жакынкы чет ѳлкѳлѳргѳ агылып кетти. Алар алыста калган үй-бүлѳлѳрүн сагынып, ѳмүрү жасабаган жумуштарды жасап, башка ѳлкѳлѳрдүн курулуштарын куруп, кары-картаңдарын, оорукчандарын, балдарын багуучу болуп, дааратканаларын жууп, короолорун шыпырып, ѳлүкканаларын кайтарып, дагы башка түрдүү жумуштарда маңдай терлерин тѳгүп тыйын-тыпыр салып иштеп жүрүшѳт. Балдарын ишенген тyуган-туушкандарына аманат кылып таштап кетишкен.

Бул балдар ѳз ата-энелерин ѳтѳ сейрек кѳргѳн жана кѳп сандаган туугандары тарабынан тарбияланган балдардын мууну. Бул балдар акча которуулардын аркасында гана ѳз ата-энелерин унутушкан жок. Айтор, бир муун болуп мигранттардын балдары жетилип келет. Алар кандай тарбия кѳрүп жатат, кандай муун келе жатат — баш ооруткан деле эч ким жоктой… Балдарга карата кѳрсѳтүлгѳн зордук-зомбулуктун жабырлануучуларынын кѳпчүлүгү да ошол мигранттардын балдары. Кыргызстан боюнча ата-энеси миграцияга кеткен 277 миң бала жетишерлик кароосуз күн кечирип келишет. Кароосуз калган бала — бул зомбулуктун объектиси болуп калууда.

Коркунуч алдындагы балдар

Ата-энеси узак убакытка таштап кеткен балдар коркунуч алдындагы топ катары саналат. Анткени алар каралбайт, билим албайт, эмгекке тартылат, ыдык кѳрѳт. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы ѳкүлчүлүгү билдирди. «Бирок алар мамлекеттен жардам ала турган эч кандай категорияга кирбейт. Карай турган эч кимиси жоктор гана мамлекеттик интернаттарга жиберилет. Ошондуктан мигранттардын балдары коркунуч алдындагы балдар болуп эсептелет. Алар зордук-зомбулукка кабылат, муктаждыктары канааттандырылбайт, укуктары тебеленет» . ЮНИСЕФтин маалыматында, Кыргызстандагы балдардын жарымынын ата-энеси жаштар. Жаштар — эмгек миграциясына агылган эң калың катмар.

Кыргыздар Орусияга таштаган бөбөктөр

Россиядан Кыргызстанга 2019-жылдын 27-майында 6 айдан 1,5 жашка чейинки алты бала алынып келинди. Аларды Москвадагы мекендештер медициналык мекемелерге калтырып кеткен. Бул туурасында эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлиги маалымдап чыкты. Балдарды алып келүү иштерин Кыргыз Республикасынын элчилигинин Россия Федерациясындагы консулдук бѳлүмү жана КР саламаттык сактоо министрлиги уюштурду. Кыргызстанга келгенде бир бала туугандарына берилди. Башка балдардын туугандарын издѳѳ, берүү иштерин министрлик жүргүзмѳкчү. Министрликтин маалыматына караганда, 2011-жылдан бери ата-энесинен кароосуз калган 98 бала мекенине кайтарылса, 2018-жылы 16 , 2019-жылы 6 бала алынып келинген.

Булак: «Азия news» гезити. № 21 (308). 30-май. 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү