Бишкектеги батирден чыккан өрттүн кесепетинен 46 жаштагы аял каза болду

Автор -

Октябрь районунда батирден өрт чыгып, 46 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Көк-Жар кичи району №3 үй, 5-батир. Балкондун 15 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1973-жылы туулган Ш.Г. аттуу аял түтүнгө ууланып каза болгон.

Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздык келип чыккан.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү