Сапар Исаков: Минфиндин ѳкүлдѳрү калп кѳрсѳтмѳ берип жатат

Автор -
228

Соңку болуп ѳткѳн соттук отурумда КРнын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков жабырлануучулардын кѳп суроолорго жооп бере албаганына нараазылыгын билдирди.

[ads-quote-center cite=’деген кыжырдануусун айтты.’]«Мен минфинге кандайча зыян келтирилгенин түшүнгүм келет, бирок чынын айтканда, түшүнгѳн жокмун. Адегенде мен кеңешип алгым келет. Конкреттүү берилген суроого ѳкүл келесоолонумуш этип жатса, эмне кылуубуз керек? Ал тырмакчанын ичинде бир эле сѳздү кайталап жатат, «биз айыптоочу тарапты колдойбуз» дегенден башканы айтпайт. Эгерде минфиндин ѳкүлү биздин суроолорго жооп бербей жатса, анда биз эмне кылышыбыз керек? Жоопту кайдан алабыз?»[/ads-quote-center]

Мындан тышкары, Исаков минфин кытайлык «Эксим-банк» банкы менен түздѳн түз кат алыша алмакпы, жокпу деп кызыкты. Министрликтегилер кат алышуу ТИМ аркылуу жүргүзүлгѳн деп жооп беришти. Сапар Исаков минфиндин ѳкүлдѳрү калп кѳрсѳтмѳ берип жатат деп билдирди. А чынында эле бир жарым жылдан бери ЖЭБ маселеси боюнча камалгандардын дарегине эмне деген гана жугундулар куюлбады. Парламенттин бир топ депутаттары, УКМК, Башкы прокуратура, аткаруу бийлиги тѳш болуп мамлекеттик ММКлар аркылуу ѳзгѳчѳ С.Исаковдун дарегине кандай гана күнѳѳлѳрдү  тагып, мокочо кѳрсѳтүп келишти. Азыр болсо айыпталып жаткандар жана алардын жактоочулары «чындыкты эл кѳрсүн, бизди эмнеге, кантип күнѳѳлѳп жатканын коомчулук кѳрүшү керек. Эл кимдин-ким экенин ошондо кѳрмѳк.

Бирок, сот отуруму андай ѳткѳн жок. Ал тургай соттук отурумдун жүрүшүнүн ѳзүндѳ эч кандай аудио, видео жазуу жүргүзүлгѳн жок. Демек, ушунча каралашкан соң анда эмнеден коркуп же чочуп атышат? Ошондуктан, отурумдар түз алып кѳрсѳтүлүшү керек, андай шартты жасаганга болот» деген пикирлерди билдиришүүдѳ.

Булак: «Айгай-пресс» гезити. №18 (128). 31-май. 2019-жыл