3-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

2-3-июндарда Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27​;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;

Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен күндүн экинчи жарымында өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 23…25° болот.