Алмазбек Атамбаевдин өмүрү коркунучтабы?

Автор -
213

Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана Фарид Ниязовдун форум имаратына жайгашкан иш бѳлмѳсүнѳ тыңшоочу аппаратты койдурууга аракет жасаган. Бул үчүн ал форум имаратында СДПК партиясынын штабында иштеген бир кызматкерди жалдап алууну кѳздѳгѳн. УКМКнын кылтагына илинбей, Атамбаевге чыккынчылык кылуудан баш тарткан кызматкер окуя тууралуу 24-майда коомчулукка ачык жарыялап чыкты. Бул тууралуу СДПК партиясынын саясий кеңеши билдирүү жасап, Башкы прокуратурага арыз жазылган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергѳѳ жүрүп жатканын прокуратура тараптан билдиришти. Бул маселе канчалык деңгээлде акыйкат иликтенээри азырынча белгисиз. Ал эми мындай улам коомчулук дүрбѳп, Атамбаевдин коопсуздугу коркунучта деген ой-пикирлер айтылууда.

Максат Молдобаев: «СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ЭЛДИН КѲЙГѲЙҮН ЧЕЧИП , ЭКОНОМИКАНЫ КѲТѲРГѲНДҮН ОРДУНА, АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ МЕНЕН ТИРЕШИП ЖАТКАНЫ ЭЛДИ ОГО БЕТЕР КЫЖЫРДАНТУУДА»
-Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш бѳлмѳсүнѳ тыңшоочу аппарат коюуга аракет жасалганын видео тасмадан кѳрдүм.Адамдан амал качып кутулбайт деген ушул тура, тыңшоочу аппарат электр улоочу зымдын ичине коюлуптур. Бул катардагы кызматкердин колунан келе турчу иш эмес. Бийлик коррупционерлер менен эмес, Алмазбек Атамбаев жана анын командасы менен күрѳшүп жатат. «Эки дѳѳ урушса ортодо чымын ѳлѳт болуп, Алмазбек Атамбаевдин кадрларына кылмыш ишин козгоп, бир жылдан бери эзип жатышат. Ким бийликтин кетирген кемчиликтерин кѳзгѳ сайып айтса, анын оозун тигип, дароо кылмыш ишин козгоп жатат. Сѳзүм куру болбосун, Алмазбек Шаршеновичтин иш бѳлмѳсүндѳ тыңшоочу аппарат коюлганы боюнча пресс-конференция берип, Дамир Мусакеев баарын ачык айткан. Ошол эле күнү кечинде Свердлов райондук сотунун тѳрайымы Инара Гилязединова Дамир Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратты. Бийлик муну менен Атамбаевдин жанында жүргѳн жан сакчысын камап «белги» берип, сес кѳрсѳткѳндѳй болду. Баса, мындан бир жума мурда президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамга кол койду. Бүгүнкү күндѳ Алмазбек Атамбаевдин ѳмүрү коркунучта. Бийликтин колунда бийлик бар демекчи, эртең бийлик Алмазбек Шершеновичти мыйзамсыз эле камап коюшу да толук мүмкүн. Бирок, КСДП партиясынын миңдеген мүчѳлѳрү, карапайым эл буга жол бербейт. Сооронбай Жээнбеков элдин кѳйгѳйүн чечип, экономиканы кѳтѳргѳндүн ордуна,Алмазбек Атамбаев менен тирешип жатканы элди ого бетер кыжырдантууда.

Азамат Талап уулу: «БУЛ КАТАРДАГЫ ЖѲНѲКѲЙ ЖАРАНДЫН КОЛУНАН КЕЛЕ ТУРЧУ ИШ ЭМЕС, БУЛ АТАЙЫН УЮШТУРУЛГАН ИШ»
-Экс-президент Атамбаевдин бѳлмѳсүнѳ тыңшоочу аппарат коюуга аракет жасалганын айтышып, ал тургай ал аппаратты кѳрсѳтүп да беришпедиби. Ошол эле күнү кечинде анын жансакчысы Дамир Мусакеевди 5 жылга эркининен ажыратты. Бүгүнкү бийлик коррупция менен эмес, Алмазбек Атамбаевдин кадрлары менен күрѳшүп жатат. Булар элдин кѳзүн будамалап, маалыматты бурмалап, элдин башын айландырып жатат. Эми минтип президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамына кол койду. Бир жарым жылдан бери кынтык таппаган бийлик, айласы кеткенде анын иш бѳлмѳсүнѳ тыңшоочу аппаратты койгонго аракет жасашыптыр. Бул катардагы жѳнѳкѳй жарандын колунан келе турчу иш эмес, бул атайын уюштурулган иш. Бул бийлик жакын арада Алмазбек Атамбаевгe кылмыш ишин козгоп, эркининен ажыратышы мүмкүн. Бүгүнкү күңдѳ анын ѳмүрү коркунучта. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт.

Нуржан Тагаймуратов: «АТАМБАЕВ БҮГҮНКҮ БИЙЛИКТИН ЧЕКЕСИНЕ ЧЫККАН ЧЫЙКАН БОЛУУДА»

— Алмазбек Атамбаев 17-мартта бугункү бийликтин абийирин айрандай тѳгүп, резолюция кабыл алган. Анын командасы менен оппозицияга ѳтүшү бүгүнкү бийликтин түн уйкусун бузбай койгон жок. Булар алгач Атамбаевдин кадрларын суракка чакырып, ишти ичегидей чубап башташты. Эми минтип анын иш бѳлмѳсүнѳ тыңшоочу аппарат коюшту. Азыр булар элдин маанайын байкап жатышат. Эгер эл кайдыгерликке сала турган болсо,дароо Атамбаевге карата кылмыш ишин козгоп, суракка чакыра баштайт да сот чечимин чыгарып, эркинен ажыратып коёт. Анткени, бу киши бүгүнкү бийликтин чекесине чыккан чыйкан болууда.

Максат Алмазбеков: «ТЫңШООЧУ АППАРАТ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КОЮУЛГАНЫ АЙТПАСА ДА БЕЛГИЛҮҮ»

Мен юрист катары айтсам, тыңшоочу аппарат атайын кылмыштын алкагында, оперативдик иш-чаралар кѳрүлүп жатканда, соттун санкциясы менен коюлат. Алсак кылмышкерди тактоодо, тастыктоодо, күнѳѳсүн мойнуна алдыртууда ушул тактика колдонулат. Дегeним, Алмазбек Атамбаевдин үстүнѳн козголгон иш жок. Ал жѳнүндѳ террорист же экстремист деген кабарлар да жок. Ошондуктан, анын артынан аңдыганга эч бир себеп жок. «Шамал болбосо чѳптүн башы кыймылдабайт» демекчи, коомчулукта, «бул аппарат УКМКнын кызматкерлери тарабынан атайын жасалган» деген кептер айтыла баштаган. Кѳп ѳтпѳй медиа форум ишканасынын IТ- кызматкерин УКМКнын кызматкери кызматташууга чакырып, Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун иш бѳлмѳлѳрүнѳ тыңшоочу аппарат коюуну талап кылган аудиожаздыруу желдей тарады. АлмазбекАтамбаевдин бѳлмѳсүнѳ тыңшоочу аппарат эмне себептен коюлганы жатканы айтпаса да белгилүү болду кѳрүнѳт. Мына бүгүнкү бийликтин чыныгы жүзү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү