Акаев: Атамбаев “Менин досум президент болушу керек”-деп отуруп,Жээнбековду президент кылган

Автор -
828

-Буга чейин Дамир Мусакеевге «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бирок, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен 5 жылга эркининен ажыратылышы эмнеден кабар берет?

-Ачыгын айтканда, Свердлов райондук соту Дамир Мусакеевге кайсы берененин негизинде кылмыш ишин козгогонун билбейт экенмин. Бирок, Дамир Сагындыковичти 1-СИЗО-го эмес, УКМКнын тергѳѳ абагына алып барыш керек болчу. Эмне себептен 1 -СИЗОго алып барышты? Демек, мында бир мандем бар. Керек болсо, Дамир мырзаны 5 жылга эркинен ажыратпай туруп, УКМКнын кызматкерлери суракка чакырыш керек болчу. Анткени, Дамир суу жүрѳк качып кетчү жигит эмес. Ал мыйзамга баш ийип, мыйзам чегинде иш алып барган жигит. Мыйзам чегинде актыгын далилдейт деп ишенем.

-«Эки дѳѳ урушса ортодогу чымын ѳлѳт» демекчи, бүгүнкү бийлик Алмазбек Атамбаевдин кадрларын куугунтуктап жаткан жокпу?  

-Ошондой деп айтса болот. Бирок, бул суроону мага эмес, Алмазбек Атамбаевдин ѳзүнѳ бериш керек. Анткени, Алмазбек Шаршенович президенттик, парламенттик шайлоолордо мыйзам бузууга жол берген. Ѳзүнүн оппоненттерин жерип, күч колдонуп, «менин досум президент болушу керек» — деп отуруп, Жээнбековду президенттикке такка отургузган. Бул Алмазбек Атамбаевдин ѳзүнүн күнѳѳсү.

 -Ошондо Алмазбек Атамбаевдин кемчилигин кѳзгѳ сайып эмнеге айта алган эмессиз?

-Алмазбек Атамбаевдин командасы, партиянын мүчѳлѳрү мени партияга суранып жатып киргизишкен. Парламенттик шайлоодо КСДП саясий партиясын тандоомо ушул себеп болгон. Ошол үчүн мен партияга мүчѳ болгон эмесмин. Алмазбек Шаршеновичке да шайлоодо мени кошуп алгылачы деп жалдыраган эмесмин. Мен партияны алдыга сүйрѳп бердим. Сѳзүм куру болбосун, Ош шаарынан КСДП партиясы буга чейин 3 миң добуш топтогон болсо, мен катышкан шайлоодо ЗО миң добуш алды. Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенде Алмазбек Шаршеновичке кирип, чоң катачылыктар кетип жатканын айтып эле келгем. Акыркы жолу киргенимде мага катуу кыйкырып, экѳѳбүз жаман абалда коштошконбуз.

-Бүгүнкү бийлик Раим Матраимов менен кармашканга күчү жетеби?

-Ачыгын айтканда, Матраимовдор менен Жээнбековдордун ортосундагы жеке мамилелерин билбейт экенмин. Эгерде УКМК, Каржы полициясы текшерүүгѳ алыш керек дешсе текшерүү керек.

–Саясий чѳйрѳдѳ Матраимовдор 2020-жылы ѳтѳ турган парламенттик шайлоого катышат деген кептер чыга баштады. Сизди да ошол партия менен келет деген сѳз бар?

-Менимче Матраимовдор парламенттик шайлоого катышпаса керек. Бирок, Кара-Суу эли Матраимовдорду колдоп жаткандай.

 -Коррупция менен күрѳш тандалма жол менен жүрүп жаткан жокпу?

-Менимче, коррупция менен күрѳшүүдѳ саясий боёктор болуп жатат.

Булак: «Ачык саясат» гезити. №20 (363). 31-май. 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү