Бирдиктүү депозиттик эсепке 36 миллион сомдон көп акча которулду

Автор -

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 36 миллион 988 миң 698 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 700 миллион 441 миң 493 сомду түздү.

Бөлүшүү