Талас районунда эки унаа кагышып, 10 адам жабыркады

Автор -

Талас районунда эки унаа кагышып, 10 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 2-июнь күнү саат 22:25 Кара-Ой айылында болгон. Анда  “Ауди-С4” үлгүсүндөгү унаа менен “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен 10 адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан.

Жабыркагандар Талас облустук жана Чат-Базар айылындагы ооруканага жаткырылган. Жерине КР ӨКМнин №101 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, жабыркагандарды тез жардам кызматынын унаасына салып беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү