Клара Алибекова Анталияда концерт берди

Автор -
360
Түркиянын Анталия шаарындагы Кыргыз мекендештерине ырчы Клара Алибекова жеке концертин тартуулады.
1-июнь күнү «Ырдайлы биз бүгүн» аттуу концерт тартууланып шаң менен өттү. Рамазан айында жылуу тилектер айтылып ырлар ырдалды. Ала-Тообуз Кыргызстандан келген ырчы Клара Алибекованын жеке концертине конок болуп «Кыргыз эли» коому тарабынан түзүлгөн «Анталия таланттары» чыгармачыл тобунун солисти Орозбек Тоялиев ырдап, коомдун маданият жетекчиси Бексултан Алимбеков концерттин алып баруучусу гана болбостон элге жагымдуу ырларын арнады. Мындан сырткары ырчы Рамис Таалайбеков ыр дестелерин сунса, концертке демөөрчү болуп колдоо көрсөткөн инсандар жылуу сөздөрүн аяган жок. Калың эл болсо гүлдестелерин берип кубанып жатты.

Клара Алибековага болгон көрүүчүлөрдүн сүйүүсү ушул концертте даана билинип элдер чарчабастан кол чаап шаңдуу отурушту. Толугу менен 2 саатка созулган концерт аншлаг менен аяктады.

Баса, организатордук кызматта тыным билбей эмгектенген жогоруда аты аталган топтун солисткасы Гүлжан Усупбаева болду. Ырчы айым Клара Алибекова менен чыгармачыл жакын досу экендигин жашырбай эки канаттай элге чоң маанай тартуулады. Гүлжан айым, жалпы келип берген көрүүчүлөргө жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирет!

Алдыда мыкты долбоорлор үчүн иштөө алдында турган топ жайкы эс алуусуна бир аз убакыт бөлөөрүн кабарлады.

Бөлүшүү