«Ынтымак» каналынын кызматкери көз жумду

Автор -
2292

“Ынтымак” КРТРКнын коммерциялык бөлүмүнүн кызматкери, кесиптик кошундун төрайымы жана кассир  Замира Таштанбекова 1-июнь күнү  автокырсыктын кесепетинен каза болду. Бул тууралуу аталган каналдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын артында 5 баласы калды.

Ал  адамгерчиликтүү, боорукер, шайыр жан эле. Кесиптештеринин арасында кадыр баркы жогору, өз ишин мыкты билген кызматкер эле.

Замира Таштанбекова 1987-жылдын 27-октябрында Ош шаарынын Озгур айылында туулган. Эки бир туугандын улуусу болчу.

«SAAT.KG» маалымат агенттиги маркумдун жакындарына көңүл айтат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү