Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов өзүнө тагылган милдетти тартып кете албай, жөндөмсүздүгүн көрсөтүп жатканы үлкөндөр тарабынан талкууланып, кызмат ордуна татыктуубу деген маселе күн тартибинде турат.
Анткени «Көчмөндөр оюндарынын» уюштуруу иштерине жооптуу катары Туркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын Кырчындан кайтканда капчыгайда тыгында калышы боюнча маселеде жоопкерчилик тартчулардын сап башында болгон. Бул аз келгенсип, өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда жаӊы курулган көп кабаттуу үйлөргө өрт коопсуздугуна уруксат бериш үчүн ар бир салынган үйдөн бирден квартира алып турганы боюнча маалыматтар чыгып, текшерүү жүрүп жатыптыр. Министр болгонго чейин көптүн бири катары жүргөн Бороновдун учурда бери дегенде элиталык 50 квартирасы бар экени кеп болуп жатат. Мына сага, «жооштон жоон чыгат» деген ушул эмеспи…
Баса, Кубатбек Боронов дагы «өкүмат акеден менин эмнем кем» дегенсип, кудалар парадын улантып жатканы кандай? «Көрөгөч Маамыттын» айтымында Кубатбек Боронов колунун узундугун пайдаланып «Кыргызалтын» ААКынын директорлоу кеӊешине кан кудасы 3. Алымбековду киргизгени чынбы? Кыскасы, өкмөт башчы баш болуп, вицелери төш болуп бажаларын, кудаларын жогорку кызматтарга дайындап жатканы өлкөнүн экономикасына коркунуч туудурбайбы? Же өкмөт бажалар менен кудалар үчүн түзүлгөн мекемеби? Жок бул маалымат жалган десе айтсын, ага да орун берели!
Булак: «Факты.kg» гезити. №22 (22). 4-июнь, 2019-жыл.