Кубатбек Боронов менен Кашкар Жунушалиев Солтон-Сары кенине жөнөп кетишти

Автор -

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти. Мында алар ал жактагы айылдардын Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан жашоочулары менен жолугушмакчы.

Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов каршылашкан эки тараптын тең бардык жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктамакчы.

Белгилей кетсек, 5-август күнү кечке жакын Нарындын Солтон-Сары кенине 500дөй адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясынын кызматкерлеринин чыгып кетишин талап кылышкан.

Солтон-Сары кенинде кайрадан чатак чыкты

Бөлүшүү