Аида Саляновага чалма ыргытылды

Автор -
394

2013-жылдын апрель айларында мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мѳѳнѳтүнѳн мурда түрмѳдѳн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Эми минтип Батукаевге байланыштуу кьлмыш иши быйыл кайра иликтене баштады. Азиз Батукаевдин түрмѳдѳн кандайча бошотулгандыгы боюнча Ички иштер министрлиги мурдагы спец прокурор Майрамбек Акматалиев, Башкы прокурордун мурдагы орунбасары Людмила Усманованын кѳрсѳтмѳсү менен Аида Салянованы 3-июнь күнү саат 15:00 гѳ суракка чакырган. Андан кийин Аида Салянованы Бишкек ШИИББинин имаратына алып келишип, 48 саатка камакка алышкан. Аида Жеңишбековнанын бѳгѳт чарасы 4-июнда Биринчи май райондук сотунда саат үчтѳ карала турганы айтылып, Аида Жеңишбековнанын тарапташтары кечки саат 19:00 гѳ чейин кутуп турушту. Бирок, Салянованы алып келишкен жок. Ошентип, 5-июнь күнү Айт майрамына карабай, Аида Жеңишбековнанын иши каралып, бир айга камакка алынды.

Ааткан Абдыкапарова, Аида Салянованын кайнежеси: «Бийликтин Аидадан ала турчу ѳчү деле калган жок»       

-Мен Аида Салянованын бир тууган кайнежеси болом. Айланайындар, кудагыйымды аясаңар боло! Бийликтин Аидадан ала турчу ѳчү деле калган жок. Кудабыз Улан Саляновду куугунтукташты, коркутушту, акыры аягы ѳлтүрүп тынышты. Бир тууган инимди ак жеринен каралап, соттошконго чейин бардык. Аидам ошондо да сынган жок! Жолдошун тоодой жѳлѳп, бир былк этпей баарына чыдады. Эми минтип ѳзүн камап жатышат. Аиданын ак экендигине мен ишенем, эл ишенет. Булар элдин кѳзүн будамайлап, элдин кѳңүлүн Аида Саляновага буруп жатышат. Эмне үчүн коррупционерлердин ана башында турган Матраимовдорду ушинтип камашпайт?! Адилеттүүлүк кайда! Жыйырма миң кишини мындай кой, жыйырма кишини коноктогонго биздин чама чаркыбыз жетпейт. Бүгүнкү күндѳ коррупция менен күрѳш тандалма, жасалма жол менен жүрүп жатат. Жѳнѳкѳй кызматкер 2 миң пара менен кармалса, аны бир жума теледен, радиодон айтасыңар. А эмнеге миллиондорду, миллиарддарды жегендерди айтпайсыңар?! Же качырып жибересиңер! Акыйкаттык, калыстык кайда? Силерге ишенген биздин, карапайым элдин эле шору!

Эркингүл Иманкожоева , экс-депутат: «Салянова врачтардын чыгарган жыйынтыгынын негизинде иш кылган»

-2013-жылдын апрель айларында кримтѳбѳл Азиз Батукаев «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мѳѳнѳтүнѳн мурда түрмѳдѳн бошотуу боюнча депутаттык комиссия да түзүлгѳн. Мен комиссиянын мүчѳсү болбосом дагы, Азиз Батукаевдин мѳѳнѳтүнѳн эрте чыгарылышына каршы добуш бергем. Дегеним, Азиз Батукаевди Аида Салянова ѳзү билемдик менен мѳѳнѳтүнѳн эрте чыгарган эмес. Маселени кабыргасынан коюп, врачтардын чыгарган жыйынтыгынын негизинде депутаттардын добушу менен иш кылган. Бул жерде Аида Салянованын күнѳѳсү жок деп ойлойм. Ошондой эле, Аида Салянова суракка Людмила Усманова менен бетме-бет сүйлѳшкѳн соң чакырылган деп жатышат. Андай болсо, Аида Салянованын орун басары Людмила Усманованы эмнеге коё беришти деген суроо туулат…

Саадат Нурканова, шаар тургуну: «Алмазбек Атамбаевдин кемчиликтерин айтып, аны  боктогондон пайда таппайбыз»

-Бул жерге ѳзүмдүн анча-мынча иштеримди бүтүргѳнгѳ келгем. Биринчи май райондук сотунун короосунда бир топ киши чогулуп турган экен. Алгач бул жерде эмне болуп жатканын түшүнгѳн жокмун. Эл чогулган жерге барсам, Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов журналисттерге интервью берип жатыптыр. Аида Салянованын соттук иши каралып жатканын укканда жүрѳгүм шуу дей түштү. Ачыгын айтканда, мен Аида Жеңишбековна менен бир үстѳлдѳ чай ичип, сүйлѳшүп кѳргѳн эмесмин. Бирок, мен Салянованы ѳз ишин так билген, мыкты аял деп билем. Сѳзүм куру болбосун, Башкы прокурор болуп турганда коррупционерлер менен күрѳшүп, чуулгандуу иштердин бетин ачкан. Анча-мынча эркек сѳрѳй прокурорлор ача албаган кылмыштуу иштердин бетин ачты. Ал эми кримтѳбѳл Азиз Батукаевди мѳѳнѳтүнѳн эрте Аида Жеңишбековна эмес, Жогорку Кеңештин депутаттары чыгарышкан.Тактап айтканда, Азиз Батукаев ак кан оорусуна чалдыгып, 2 айлык ѳмүрү калганын дарыгерлер айтып чыгышкан. Жогорку Кеңештин депу-таттарынан атайын комиссия түзүлүп, жыйынтыгында мѳѳнѳтүнѳн эрте бошотулсун деген чечим чыкпады беле?! Анан кантип эле бул жерде Аида Салянова күнѳѳлүү болуп калат. Дегеле, 6 жылдан кийин Батукаев маселесин кѳтѳрүүнүн кажети бар беле? Мында бир мандем бар. Дегеним, бүгүнкү бийликтин максаты элдин кѳңүлүн Матраимовдордон башка нукка буруу болуп жатпайбы. Бул баарыбызга эле белгилүү. Маселен, коомчулук Матраимовдордун «миллиондорун» текшерүү керектигин талап кылышууда. Бийлик ѳкүлдѳрү Матраимовдорду калкалап, президент Сооронбай Жээнбеков ушул күнгѳ чейин үн катпай келет. Коррупция менен күрѳш тандалма жол менен жүрүп жатканын эл кѳрүп турат. Миң кишини алдашы мүмкүн, бирок, бүтүндѳй кыргыз элин алдай алышпайт. Биз бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кемчиликтерин айтып, аны боктогондон пайда таппайбыз. Жээнбековдордун бийликке келгенине эки жыл болду, биз Атамбаевди унутушубуз керек. Системаны эки жылда эмес, эки күндѳ алмаштырып койсо болот. Күнѳѳ бүгүнкү бийликте.

Асия САСЫКБАЕВА, экс-депутат:»Булар Матраимовдорду эмес, Аида Салянованы талкалап жатышат»

-Азиз Батукаевдин түрмѳдѳн кандайча бошотулгандыгы боюнча Ички иштер министрлиги эки адамдан кѳрсѳтмѳ алып, ошонун негизинде Аида Жеңишбековнаны 2 күн суракка алышты. Иш Биринчи май райондук сотунда каралаарын айтышкан. Соттук отурум саат 15:ОО дѳ башталмак, азыр саат 18:00 болду, Аида Жеңишбековнаны али алып келише элек. 5 саттан бери күтүп отурабыз. Качан алып келишээри да белгисиз. Эгер бүгүнкү бийлик калыс болсо, Аида Салянованы үй камагына чыгарат деп ишенем. Анткени, бүгүнкү сотторго, анда иштеген прокурорлорго эл ишенбейт. Ошондой эле, бүгүнкү күндѳ коррупция менен күрѳш тандалма жол менен жүрүп жатат. Сѳзүм куру болбосун, коомчулук Матраимовдордун «миллиондорун» айтып жатса, булар Матраимовдорду эмес, Аида Салянованы талкалап жатышат. Бүгүнкү бийликтегилер терең ойлонушу керек. Келечекти ойлойлу!

P.S. 4-июнь күнү Аида Салянова сотко алынып келинген жок. Тарапташтары күтүп, кечинде тарап кетишти. Эртеси 5-июнда Салянованын тарапташтары Биринчи май райондук сотунун алдына кайрадан чогулушту. Соттун чечими менен экс-Башкы прокурор бир айга, тактап айтканда 26-июнга чейин камакка алынып, N°1 СИЗОго жабылды…

Булак: «Ачык саясат» гезити. №21 (364). 7-июнь, 2019-жыл.

Бөлүшүү