Аида Салянованын сиӊдиси: Эжем ыйлаганыӊарды көрбөйүн деди (интервью)

Автор -
632

Мурдагы генерал-прокурор, экс-депутат Аида Салянова криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши боюнча сурак берип, 3-июнда камакка алынган. Учурда Аида Салянованын жүрөк оорусу күч алып, абалы күн сайын оорлошууда. Анын жактоочусу, туугандары азыркы тапта тиешелүү органдардан дарылатууга, жүрөгүнө операция жасатууга уруксат ала албай убара тартып жүргөн кездери. Бул жана башка суроолорго Аида айымдын сиңдиси Чынара жооп берди.

-Чынара айым, эмне себептен эжеңиз экөөңүздөр эки башка фамилиядасыздар?

-Эжем экөөбүз ага-ининин кыздарыбыз. Бала кезибизден чогуу өскөнбүз. Ортобузда бир жарым жаш айырма болгондуктан, эже-сиңди катары эле эмес, курбу катары да көп сырдашабыз. Экөөбүздүн жашоого болгон көз караштарыбыз, идеяларыбыз окшош. Эжемдин болсо аталаш бир туугандары бар, бирок бир ата-энеден Улан экөө эле болчу.

-Жакында эле эжеңиздин туулган күнү болду. Эркиндикте жүргөн кезде өздүк майрамы кандай өтчү эле?

-Жыл сайын 6-августта жакындары чогулуп куттуктап барабыз. Өзү ашыкча шаан-шөкөттү, ысырапкорчулукту жактырбагандыктан, туулган күнү чакан чөйрөдө гана өтчү. Кээде үй-бүлөсү менен шаардын сыртына чыгып эс алганды жактырчу. Бул жолу, тилекке каршы, туулган күнүн темир тор артында тосуп калды. Жеңем (ред. апасы), туугандар торт, гүл алып абакка барышкан. Бирок гүлүн берип коёбуз деп алып калышып, өзүн көрсөтүшкөн жок. Үмүттөрү үзүлбөй көпкө күтүштү, акырында демдери сууп кайтышты. 3-июндан бери эжеме жолуга албай жатабыз. Ортодон оорусуна байланыштуу эки жума ооруканага жатты. Анда деле бетме-бет отуруп сүйлөшө алган жокпуз. Алыстан кол булгалап учурашканбыз. Жакын адамдарынан жолдошун, мени жолуктургула деп тиешелүү жерлерге уруксат сурап кат жаздык, бирок биринен да жооп болгон жок.

-Жактоочусу аркылуу кабар алып жатасыз да? Учурда абалы кандай?

-Эжем табиятынан кайраттуу жан. Биринчи эле айткан сөзү “эч кимдин ыйлаганын көрбөйүн!” дептир. Жаңы камалып жатканда митинг өткөрүп, алгачкы сот отурумуна барганда ыйлаганыбызды көргөн да. Ушундан улам айтканы болсо керек. Анан ар бир жолугушуудан кийин “баары жакшы болот” деп айттырып жиберет. Абакта жатып да кайратынан тайбай, тескерисинче, бизге дем берип жаткандан кийин биз ыйлап, өзүбүздү таштап салганга акыбыз жок деп эсептейм. Азыр тынымсыз жөтөлүп жатат. Жүрөк оорусунун өпкөсүнө, башка органдарына да зыяны тийип жатат. Сыз жерде отургандыктан ден соолугу жакшы эле жабыркады. Көңүлү көтөрүлсүн деп биз тынымсыз каттап, өзүнүн жакшы көргөн тамактарын жеткирип турабыз. Ошондо да “алып келбегиле, ичилбей жатат” деди. Дайыма китеп сурайт. Берген китепти кайра бат эле окуп кайтарып берет. Жалгыз эрмеги ошо болуп жатат да. Негизи, өзү деле мурда алыскы жолго чыкканда, бош болуп калганда китеп окумайын тура алчу эмес. Сумкасында дайыма бир китеп болчу.

-Негизи, жүрөк оорусу мурда эле бар беле?

-Жүрөк кемтиги мурда эле бар болчу экен. Бирок жаштыгы менен көп байкалчу эмес окшойт. Иниси Улан каза болгондон кийин катуу сокку алды. Ошондон кийин оорусу күчөдү. Текшерилсе жүрөгүндө эки кемтик бар дешти. Камакка алынганда ого бетер дарты козголду. Эжем санаасын сыртка чыгарып айтпаган адам да. Бүт кайгысын ичине сактап жүрө берет. Иниси каза тапканда көпкө жаман болуп жүрдү. Тынч оокатын кылып, үй-бүлөсүн багып жүргөн бейкүнөө адам киши колдуу болгон оңойбу?! Келинибиз да алдым-жуттумду билбеген жоош жан. Эки баланын түйшүгү жалгыз өзүндө калды. Анан эжем жалгыз инисинин балдарын кароосуз калтырмак беле. Аларды ушул күнгө чейин моралдык, материалдык жактан колдоп келген. Эгер уруксат берилсе Түркиядан же Германиядан операция жасоону пландап жатабыз. Жүрөк деген оюнчук эмес да, оор операция болгондуктан баарыбыз кооптонуп турабыз. Чет мамлекеттен жасатабыз десе эле качып келбей коёт дешет экен. Эжем эч качан качпайт. Ал ашкере патриот. Буга чейин азыркыдан жаман кысым көрсөтүлгөндө да качкан эмес. Чет жакка жумуштары менен чыгып эле жүрчү.

-Турмуштун бул сыноосу балдарына, өзгөчө кичинекей кызы менен апасына оор тийсе керек?

-Чындык биз тарапта болгондуктан, эжемдин ак экенин билгендиктен, биз, чоңдор көп чүнчүбөй өзүбүздү колго алып жатабыз. Бирок эне деген баарын жүрөгүнөн өткөрүп, кыйналат экен. Жалгыз уулу каза болуп, кызы абакта жатканы жеңеме өзгөчө оор тийди. Кайратына таң берем. Өзү чыгармачылыкка жакын. Ыр, аңгеме жазат. Азыр ошолор менен алаксып жатат окшойт. Сыртынан сыр бербегени менен, ичинен санаа жеп жатканын көрүп эле турам. Дайыма кызынын жанында болуп, жашоосуна жардам берип келди. Кичинекей кызы төрөлүп, кыркы чыкканда депутаттык иши боюнча региондорго чыгыш керек болду. Ошондо эжем “бала багуучу алам” десе апасы болбой “өзүм сени менен кошо жүрүп багам” деп небересин кызыл эт кезинен багышты да.
Эжемдин улуу баласы турмуш куруп, балалуу болгон. Өздөрүнчө турушат. Ортончу кызы мектепте окуйт, кичинекейи өткөн айда төрт жашка чыкты. Баарынан ошол кызга кыйын болду. Күндүз оюнга алаксып жүрөт, кечинде жатарга келгенде апасын издеп көпкө ыйлайт. Ага башында: “Апаң ооруп калды, дарыланып жатат”,- дегенбиз. Азыр апасын күтүп жүрөт. Бала энени сагынганда куса болуп ооруйт деп укканым бар. Байкаганыма караганда, кызы куса болуп ооруганга жакындап калды окшойт. Издегени, ыйлаганы көбөйүп келатат. Баарылап анын көзүн карап жатабыз. Бирок энесиникине баары бир жетпейт экен.

-Биз эжеңизди прокурор, депутат айым катары билебиз да. Аял, эне катары кандай мүнөздөмө бересиз? Биз билбеген кандай сапаттары бар?

-Сыртынан сүрдүү көрүнгөнү менен, мүнөзү жумшак. Жөнөкөйлүгүн баалайм. Болбосо кандай кызматтарда иштеди, бошобойм деп үйүнө жардамчы алса деле болмок. Баарына өзү жетишет, үй-жайга карамдуу. Беш бармакты, лагманды, боорсокту катыра жасайт. Мен беш бармак жасаарда камыр жууругандан эринип даяр кесме колдонуп калам. Эжем болсо беш бармактын камырын дайыма колго жууруп жасайт. Лагманды жакшы жасагандыктан үйүнө атайын ошол тамакты жасап бериңиз деп көп барам. Балдарына өзгөчө мээрим төгүп турат. Ошол эле учурда дайыма чынчыл, калыс бол деген эреже менен тарбиялады.

-Эже катары кандай кеңештерди айтат?

-Көп учурда кеңеш сурап калам. Берген кеңешин колдонсоң эч качан утулбайсың. Жеке менде дайыма ушундай болгон. Ага караганда менин мүнөзүм жашык, бир нерсени жүрөгүмө жакын кабыл алам. Ушул мүнөзүмдү эжем тарбиялап жатып акыры жок кылды окшойт. Бир маселенин өзөгүн көрө билгени менен өзгөчөлөнүп турат. Бул сапаты анын карьерасына чоң пайдасын тийгизди. Себеби прокурор болуп турган кезинде эле ал Атамбаевдин дараметин билген. Ошон үчүн кызматын тапшырып берген болчу. Кийин Алмазбек Атамбаев эжеме канча кызмат сунуштап өз жанына тартканга аракет кылды. Бирине да макул болгон жок. “Атамбаевдин командасына кошулбайм, жакшылыкка алып барбайт!”- дегенинен жазган жок. Азыркы болуп жаткан окуяларды эжем алдын ала сезген окшойт…

Булак: Lady.kg

Бөлүшүү