Сабалган дудуктар арызын кайтарып алышты

Автор -

Оштун Алай районундагы Корул айылында сабалган дудук жигиттер милицияга жазган арыздарын кайтарып алышты. Алар бул кадамын Орозо айында элдешүүнү тyура көргөнү менен түшүндүрүштү жана өздөрүн сабаган адамдарга карата тосмо арыз жазып беришкенин да билдиришти. Бул тууралуу алар 4-июнда Ош шаарында өткөн басма сөз жыйынында билдиришти.

Ушул жылдын 29-апрелинде корулдуктар үч жигитти «бала уурдаган» деп айыптап,тепкиге алганы тууралуу видео интернетте тарап кеткен. Кийинчерээк милиция ал жигиттер дудук экенин, ал жакка Орозо айынын жылнаамасын сатканы барышканын, алар өз максатын түшүндүрө албай, таяк жегенин маалымдаган.

Ошондой эле облустук милиция аларды тепкиге алган айыл тургyндарынын үстүнөн иликтөө иштерин баштаган. Окуяга шектүү катары Алай районунун 37 жаштагы тургyну кармалган. Ал эми таяк жеген дудук жигиттердин жакындары 6-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтына нааразылык акциясына чыгып, бул окуяны мыйзамдуу териштирүүнү бийликтен талап кылышкан.

Статистикалык маалыматтарга караганда, учурда Кыргызстанда кулагы начар уккан жана дудук адамдардын саны 5 миӊден ашат.

Булак: «Жаӊы ордо» гезити. №19 (633). 7-июнь, 2019-жыл

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү