Кыргызстандык жеңил атлетчилер эл аралык мелдешке катышат

Автор -

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Румынияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жеңил атлетика боюнча мелдеш Клуж-Напока шаарында 7-8-июнь күндөрү өтөт.

Кыргызстандын атынан бул мелдешке беш спортчу – Мусулман Жоламанов, Данияр Арыпбеков, Нурсултан Кеңешбеков, Баястан Максатбек уулу, Анна Буланова катышат.

 

Бөлүшүү