Бийлик Матраимовдордун таасиринен тайсалдап коркуп кетиштиби?

Автор -

Раим Матраимов учурда душмандарын Атамбаев тараптан эмес, Ак үй тараптан издеш керек. Албетте ѳлкѳдѳ ар бир жаман ишти Атамбаевге буруп коюш жеңил, бирок келечеги жок.

Кечээ жакында «Азаттык» радиосуна чыккан Матраимов тууралуу журналисттик иликтѳѳлѳр коомчулуктун кулагын тикчийтти. Анда Матраимовдордун 700 миллион доллары туурасында сѳз болду. Далилдүү документтер жарыяланды дегендей. Бул маалыматты да Атамбаев тарапка оодуруп, «Азаттыкка» заказ берген дегендей сѳз таратышты. Бирок Атамбаевге анын кандай кызыкчылыгы бар болушу мүмкүн. Анткени Матраимовдордун бажыга байланышкан маалыматы Атамбаевдин президенттик кызматта тургандагы жылдарына туш келип жатпайбы. Ал эми акыркы бир жарым жылдык маалымат жок.

Демек Матраимовдордун короосуна таш Ак үй тараптан ыргыгандыгы ачык кѳрүнүп турат. Анткени, акыркы бир жыл ичинде Жээнбековдорго караганда Матраимовдордун саясий чѳйрѳдѳ, коомчулукта таасирлери күчѳп, колдоого алына баштаган. Буга Кара-Суудагы 15 миң адамды чогултуп той ѳткѳргѳнү ишенимдүү далил боло алат. Эгер бул сый-урмат улана берсе бийликтин ахыбалы кыйын эле болуп калмак да. Ошол себептүү алардын тизгинин тартып коюу планы иштелип чыккан. Ал эми күнѳѳнү Атамбаев тарапка оодуруп коюу оңой эмеспи. Демек Матраимовдор ѳз душмандарын Ак үй тараптан издеши керек болуп турат.

25 жылдык достукту шарт эле кесип жиберип, ѳзүн президент кылган адамга акыркы бир жылда жасаган мамилесин эске алганда, президент Жээнбековго ишеним артуу канчалык негиздүү болот? Ойлонуп кѳргүлѳчү…

Булак: «Ачык саясат» гезити. №21 (364). 7-июнь, 2019-жыл.