Рианна Forbes журналынын версиясы боюнча музыка дүйнѳсүндѳгү эң бай аял аталды

Автор -

Америкалык ырчы жана актриса Рианна  Forbes журналынын версиясы боюнча музыка дүйнѳсүндѳгү эң бай аял аталды. Анын байлыгы 600 миллион доллар деп бааланган.

Маалыматка ылайык, анын байлыгы Мадоннадан 570 миллион долларга, Селин Диондон 450 миллион долларга жана Бейонседен 400 миллион долларга кѳп.

Рианна негизги байлыгын эл аралык LVMH Моеt Неnnessy Louis Vuitton компаниялары менен кызматташуудан тапкан. Андан сырткары, ырчы менен LVMH компаниясы Fenty Beauty косметикалык брендине ээ. Ал 2017-жылдын сентябрь айынан тарта сатыкка чыккан.

Алгачкы жумада эле компания 100 миллион доллардан ашык каражатка соода кылган. Forbes журналынын жазганына караганда, косметиканы сатууда Рианнанын 71 миллион киши катталган Instagram баракчасы маанилүү роль ойногон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү