Президент регионалисттердин туткунунда калды

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбековдун убадалары улам сайын унутулуп баратат. Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен болгон тирешүүсү апогейине жетип, азыр эмне кылаар айласын таппай калгандай. Учурунда бир ууч регионалисттик топтордун, үй бүлѳлүк кеңештин бал сѳзүнѳ ишенип, бир эмес бир канча жолу эл алдына «Мен буга чейинки бийликтеги бир ууч топтун кызыкчылыгын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгын тандадым» деген кескин билдирүүлѳрү эми кайра ѳзүнѳ душман болуп, айткан пикирлерин эки ачаланта баштады. Айласы түгѳндү.

Сѳздүн так кесе маанисин айтканда  «Раим миллион» каймана аты бар бажычы Раим Матрамиовдун же жалпы кыргыз элин тандоо маселеси күн тартибине чыкты.

2017-жылдагы президенттик шайлоодогу жеке билемдик кылган маневрлар, Форумдун анын ичинде жеке кѳзѳмѳлүндѳ Алмазбек Атамбаев түзгѳн командага ишенбѳѳчүлүк кѳргѳзүп, айрым адамдардын, бир туугандарынын сѳзүнѳ ишенип, Кара Суу кланынын эң эле каражаттуу ѳкүлү эсептелген Раим Матраимов менен шайлоодо тикелей иштешкендигинин азабын эми тарта турган болду. Жалпы командалык кызыкчылыктан жеке топтун кызыкчылыгына кирип кеткен Сооронбай Жээнбеков Раимдин колдоосу менен, Форумдан тышкары ѳзүнчѳ штаб түзгѳнүн эми мезгил ѳзү ачыкка чыгара баштады.

3 пайыздык рейтинг менен экс-президент Алмазбек Атамбаев колунан жетелеп кетип мамлекеттин тагдырын тапшырып берсе, азыр кландык топко учурдагы ажо элдин эртеңин берип салды. Иниси Асылбек Жээнбеков, кудасы Алиярбек Абжалиев, финансылык колдоону тикелей кѳргѳзгѳн Раим Матраимовдордун кызыкчылыгы алдыга чыгып отуруп, президент чектен ѳтүп кеткенин эми билип отурат.

Жакында эле «Азаттык» радиосунун журналисттери тарабынан жарыяланган 700 миллион доллардын тагдыры, ал шектүү ишмердүүлүк бүгүнкү күнгѳ чейин уланып келгени азыр президент Жээнбековдун 6агытын сыноого алды. Азыр коомчулукта бир гана талап бар. Ал талап, Раим же эл.

«Коррупция менен мен гана курѳшѳм, 35 коррупционердин фамилиясы бар, мен гана тазамын» деген учурундагы билдирүүлѳр шамалга учкан самандай сапырылып отуруп, азыркы президент тескерисинче мамлекеттин чѳнтѳгүнѳ кол салып келгендердин коргоочусу экенин далилдегени турат. Биз бир чындыкты моюнга алышыбыз керек. Учурунда «Раим миллиондон» тез арада кутулууну, аны абакка отургузуу планы боюнча «үй бүлѳлүк кеңешмеде» бул маселе бир канча жолу кѳтѳрүлгѳнү боюнча маалыматыбыз бар.

Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Матраимовдор династиясы абдан эле кѳкѳлѳп кеткени, эгер кѳзѳмѳл колдон чыгып кетсе алар такыр эле баш бербей калышын, эң негизгиси Кытай-Кыргызстан бажысынан күн сайын түшүп турган акчаларды берки нукка буруу үчүн жаңы «Раимдерди» жаратуу демилгесин кѳтѳргѳн.

Президент Сооронбай Жээнбеков,»бул  Атамбаевдин жакын адамдарынын сага айтканы. Андай болбойт» -деп, учурда Кыргызстанда Атамбаевде, Бабановдо, анан Раим Матраимовдордо гана акча барын, кокустан саясий кырдаал курчуп кетсе мѳѳнѳтсүз парламенттик шайлоо болуп, анын камылгасы Раимге жүктѳлгѳнүн эскерткенин айтышат. Албетте, агасынын бул сѳзү инисине анчейин жага берген эмес. Бери жакта Асылбек Жээнбековдун колтугуна кирип алган парламенттеги бир ууч топ негизинен Раимдин акчасына жана анын таасирине кызыгып, аны алсыратуу үчүн эң биринчи Асылбек Жээнбековду колдонушту. Президент Жээнбековго жана анын «үй бүлѳлүк кеңешине» таасир этүүнү каалаган бир ууч кландык топ алгач экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы ажонун мамилелерин бузушту. Бул тактикалык жактан абдан туура коюлган багыт болчу.

Биринчиден Атамбаевди саясаттан сүрүп чыгарып анын таасирин ѳздѳрүнѳ ыйгаруу, экинчиси ар бир бийлик алмашкан сайын эле каржы булагындагы талаштарды аныктоо, кожоюн бѳлүштүрүү, бизнес ээлерин алмаштыруу сындуу чарбалык маселелер. Бул бир ууч топтун планы ѳтѳ эле тактык менен келе жатканын айтсак болот. Тилекке каршы бул «тактык» президенттин легитимдүүлүгүнѳ шек жарата баштады.

Кытай компаниясындагы үлүштѳр, «Даймонд Сити» талашы, АкНет интернет провайдеринин кожоюндарынын алмашканы, МегаКомдон бѳлүп ѳзүнчѳ уюлдук байланыш компаниясын түзүү, Жолдор министрлигиндеги коррупциялык иштин ачылышы жана ал жердеги жетекчиликтин алмашканы мына ушунун баары менчикти кайрадан бѳлүштүрүүдѳн келип чыккан оюндар. Биз муну так айтышыбыз керек. Ошол менчикти бѳлүштүрүү оюнундагы эрежелер так сакталбай, морадерлук ыкмалар колдонулуп кеткендиктен азыр президент жана анын иниси Асылбек Жээнбековдун ортосундагы пикир келишпестик чыкты.

Бир гана мисал. Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык Кѳл областында иш сапар менен жүргѳнүн куп гана пайдаланган Асылбек Жээнбеков «КТ Мобайл» компаниясынын чуусу менен депутаттык комиссия түздүрѳ коюп, аз жерден ѳкмѳт башчы Мухамметкалый Абылгазиевди кетирип жибере жаздады. Президент Жээнбеков кырдаалды кеч байкаса да ѳкмѳттү колдоп, депутаттык комиссияны президенттик администрация аркылуу кысты эле, комиссия мүчѳлѳрү тотукушча ал байланыш операторунун абдан маанилүүлүгү, керектүүлүгү боюнча сайрап чыгышты.

Эми болсо Асылбек Жээнбековдун короосундагы кландык топ кайрадан президент Жээнбековго чабуулга ѳтүп, ажону, «Эл же Раим» деген жарга такап койду. Акыйкатта Раим Матраимовдун ишмердүүлүгү боюнча маалыматтары Кыргызстандын шартында президент Жээнбеков жана анын иниси Асылбек Жээнбеков гана ала алат. Калгандары боюнча бул маалымат жабык. Анткени Раимге эч ким каршы чыга ала турган шартта эмес. Дал ошол тиреш Раимдин ишин ашкереледи.

Бул Асылбек Жээнбековдун тобу үчүн эң жакшы келечектүү эки кадам болуп эсептелет. Биринчиси Сооронбай Жээнбеков социалдык базасы, ишенген таянычы катары үй бүлѳлүк кеңешке кайтып келет, экинчиси Раимдергe кетип жаткан акча кайра эле ошол үй бүлѳлүк жана чакан топтук кызыкчылыгына бурулат. Мына, иттин ѳлүгү дал ушул жерде жатат.

Кыргызстандагы коррупция менен күрѳш, иштеп жатабыз деген ураандар ушул кызыкчылыктарды калкалоонун эле ыкмасы. Ал тургай Аида Салянова, Манас Арабаевдин темир тор артына отуруусу Раимди калкалоонун эле бир жолу. Үй бүлѳдѳгү ага-ини таасир талашып бүткѳнчѳ жарым кыргызстандыктарды камашат окшойт, шекил.

Булак: «Ачык саясат» гезити. №21 (364). 7-июнь, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү