Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын уулу, КТ Мобайл» ЖЧКсынын директорунун мурдагы орун басары Иманкадыр уулу Эрназар ишин баштай элек ишканадан 1 миллионго чукул айлык алган чуу азыр дагы коомдун кызуу талкуусунда турат.
КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков коомчулуктагы «Бажагейт» талкуусун токтотуу үчүн эмне кылыш керектигин айтты.
Ал: «Менден бекер кеӊеш. «Бажагейт», «Бажыгейтти» токтотуу үчүн андан дагы күчтүүрөөк жаӊылык керек. Мисалы, ырчы Анжеликаны Марат менен ажырашып, кайра Урматка турмушка чыгууну көндүрүш керек. Ошондо коомчулук «гейтгерди» унутуп калат», —деп тамаша-чыны кылып акыл айтты.
Сыягы, Илим өз тажрыйбасынан бөлүштү көрүнөт. КТРКны жетектеп жүргөндө өзү тууралуу сындар айтылганда Анжеликаны «чуу» салдыра коюп, элди алаксыткан ыкманы колдонуп жүргөн окшойт…
Булак: «Fabula.kg» гезити. 7-июнь, 2019-жыл.