Кылычбек Султан позициясынан тайды

Автор -

«Супер-инфо» маалымат маанайшат гезитинин кожоюну Кылычбек Султандын акыркы айлардагы позициясы түшүнүксүз болууда.

Анын үстүнѳ гезитин Раим Матраимов сатып алыптыр деген маалымат чыккандан бери гезитинин да позициясы ѳзгѳрдү. Ѳзү болсо саткан эместигин айтып актанат. Бирок чынында кожоюну алмашканы ырас экен.

Кожоюн алмашып, редактор алмашып, позиция алмашканына караганда, Кылычбек Султан гезиттен биротоло кол жуугандай. Болбосо кечээ эле Атамбаевге жан тартып жаткан киши бүгүн аны жамандаткан материалдарга гезит бетинен орун берсин?

Эгерде Кылыч мырза чоң саясатка аттангысы келсе, алгач ѳз позициясын оңдоп алышы керек экен ойкуп-кайкыбай. Бирок аны да туура түшүнүү керек. Каржы полициясы аркылуу кысып, гезитин сатканга мажбур кылышты окшойт…

Булак: «Ачык саясат» гезити. №21 (364). 7-июнь, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү