10-июнда туруксуз аба ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;
Нарын жана Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 градус болот.
Бишкек шаарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 21…23 градус болот.