Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоду (Видео)

Автор -

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 57 кг салмакта америкалык Жессика Айды нокаут менен утуп, чемпиондук наамын коргоп калды. Бул тууралуу UFC уюму кабарлады.

Беттеш АКШнын Чикаго шаарында 8-июнда UFC 238 турниринин алкагында болду.

Шевченко атаандашына үстөмдүк көрсөтүп, экинчи раундда тээп нокаут кылды.

Шевченконун жеңиши менен президент Сооронбай Жээнбеков телефон чалып куттуктады. Мамлекет башчы куттуктаган учур жазылган видеону «Кулатуу Эртаймаш ММА» федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев «Инстаграмга» чыгарды.

Кыргызстанда туулуп-өскөн Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болгон.

Быйыл 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков аны «Даңк» ордени менен сыйлаган.

https://twitter.com/i/status/1137594265209434112

Бөлүшүү