ӨКМдин маалыматына ылайык, Кочкор районунда 8-июнь күнү Туз айылынын 1968-жылы туулган М.К., 1986- жылы туулган М. Б., 1990- жылы туулган Т у.Т., 1988- жылы туулган Р.Б., 1985- жылы туулган С.М. 5 тургуну Соң-Көл жайлоосун көздөй мал айдап бара жаткан кезде Көнөк ашуусунда туман түшүп, бороон болгонуна, адашып ашууну аша албай калышкан.
Кырсыктын кесепетинен, 1968-жылы туулган М.К. кан басымы жогорулап жана суукка туруштук бере албай каза болгон.
Мындан сырткары 30 кой, 3 жылкы, 1 эшек катуу болгон бороондон жардан кулап кеткен.