Толук айымдар үчүн сулуулук сырлары – пайдалуу кеӊеш

Автор -
905

Жеӊил кийингенден баштап айымдардын, өзгөчө толук айымдардын денесиндеги кемчиликтер көзгө даана көрүнүп, өзүн да, башкаларды да ыӊгайсыздыкка кабылтат. Мунун баары туура эмес кийим тандоодон. Денедеги кемчиликтерди кантип жашырып, негизги гардеробду кантип туура түзүү керек, ушул тууралуу сулуулук сырлары толук айымдар үчүн болсун.

Чач жасалга

Толук айымдарга, өзгөчө Т тибиндеги фигуралуу айымдарга кыска жана узун туз чач жасалга сунушталбайт. Аларга орточо узундуктагы бир аз тармалдуу же тармал чачтар туура келет. Ошондой эле моюнду жана жаакты жаап турган каре чач жасалгасы ылайыктуу.

Макияж

Косметологдор толук айымдардын макияж жасоодо көзүнө көӊүл буруусун кеӊеш кылат. Бул үчүн подводка менен жогорку же ылдыйкы сурмасын ортосунан баштап чийүүсү керек. Тендин ачык эмес өндөгүсүн тандаӊыз. Ачык өӊ кары көрсөтүп коёт. Бет үчүн ачык, ал эми моюн үчүн күӊүрт тонду тандаган туура. Анткени бул экинчи ээкти жашырууга жардам берет. Күӊүрт өӊдөгү помадалар да толук айымдар үчүн эмес. Кызгылт өӊдөгүсү жарашыктуу. Толук бетке өтө ичке же өтө кенен каштар туура келбейт.

Кардиган

Көкүрөк менен моюнду баса белгилеп көрсөтүү үчүн кардиган эӊ ылайыктуу. Ал чыгып турган ичти билдирбейт жана бардык юбка же көйнөк менен кие берсе болот.

Кофта

Жамбаштын өйдө жагын жаап турган ак өӊдөгү кофта дал ушул толук айымдар үчүн. Кооздук үчүн кур тагып алса да болот. Жени кыска жана орточо узундукта болгону туура.

Сумка

Күнүмдүк жашоодо классикалык стилдеги сумканы тандаӊыз. Кап түрүндөгү көлөмдүү сумкалардан жана ар кандай деталдары көп сумкалардан баш тартыӊыз. Иш-чараларда өтө кичинекей эмес клатч көтөрүп алыӊыз. Капчык түрүндөгү сумка толуктугунузду билдирип коёт. Орточо көлөмдөгү сумка келбетиӊизге көркөмдүк, жеӊилдик тартуулайт.

Көйнөк

Тизеден бир аз өйдө, бирок абдан кыска эмес кара өӊдөгү көйнөктөр толук айымдарды арык эле көрсөтпөстөн, бардык кийимдер менен айкалыша берет. Көйнөк денеге чапташпастан, бир аз кененирээк болушу керек. Оюулары вертикалдык сызык менен жайгашкан көйнөк да толук айымды арык көрсөтөт.

Шым, юбка

Толуку айымдардын юбкасы карандаш түрүндө, шымы кара, классикалык түрдө болгону жакшы. Анан шым бут кийимдин такасын бир аз жаап, туз фасондо же ылдый жагы бир аз кененирээк болушу керек.

Ич кийимдер

Гардеробду түзүү ич кийимден башталат. Ошондуктан толук айымдар бир аз узун, ичти тартып турган труса, көкүрөктү жакшы карман, арканы оорутпай турган бюстгальтер, эч кандай оюулары жок колготки кийгени туура. Толук айымдардын көкүрөгү көбүнчө чоӊ болот. Ошондуктан губкасы жок эле бюстгальтер тандаганы оӊ. Болбосо губкалуу бюстгальтер толук денеге кошумча көлөм берип ынгайсыздыкты жаратат.

Аксессуарлар

Кыска шурулар моюнду кыска көрсөтүп коёт. Андыктан толук айымдар үчүн узун шурулар, мисалы, бермет шурулар сунушталат. Шакектер өтө ичке эмес болуп, кол саат, билериктер орточо чондукта болгону жакшы. Моюн орогучтардын геометриялык сүрөттөрү бар ачык өӊдөгүсүн тандаӊыз. Аялдык назиктикти жана келбеттин келишимдүүлүгүн баса белгилеген курларды да тагынсаӊыз болот. Бирок өтө ичке же өтө чон болбосун.

Жинсы

Жинсы -эӊ ыӊгайлуу кийим. Толук айымдар үчүн классикалык стилдеги, денеге чапташпаган жинсылар сунушталат.

Бут кийим

Бут кийимдин кооздугу эле эмес, ынгайлуулугу да маанилүү. Ошондуктан толук айымдар такалуу, бирок басканга ылайыктуу бут кийим тандагандары оӊ. Ошондой эле балетки, мокасины же лодочки сыяктуу такасыз бут кийимдерди да кийсе болот. Айрым толук айымдар төрт бурчтук же ичке такалуу, учу шуштугуй бут кийимдерди кийип ката кетиришет. Бул бутту кыска көрсөтүп, ага кошумча басканда ыӊгайсыздык жаратат. Ошондуктан учу тегерек, өтө бийик, анан өтө ичке такалуу эмес бут кийим кийсеӊиз адашпайсыз.

Булак: «Леди.kg» гезити. 11-июнь, 2019-жыл.